Menu

Сахалинде урандыда калган кыргызстандыкдардын тек-жайы аныкталды

Бөлүшүү:

Орусиянын Сахалин облусунун Поронайcк шаарында чатыры урап түшкөн имараттын алдында калган эки кыргызстандыктын тек-жайы аныкталды. Бул тууралуу Сахалиндеги кыргыз диаспорасынын башчысы Эшим Төлбаев билдирди.

Анын айтымында, каза болгон жарандар 22-23 жаштагы Өзгөн районун тургундары болгон. Маркумдардын туугандарына кабар берилди.

Алардын сөөгү 21-августта соттук экспертизадан өткөрүлөт. Андан соң Кыргызстанга жөнөтүлмөкчү. Учурда алардын сөөгүн жөнөтүү боюнча кыргыз диаспорасы каражат чогултуп жатат.

19-августта Поронайcк шаарында мурдагы кагаз чыгарган заводдун чатыры түшүп кетип, бир киши каза болгон. Каза болгон адам тажикстандык экени аныкталды. Ал эми уранды алдында калган эки кыргызстандыктан сөөгү 20-августта гана казып чыгарылды.

Мындан башка беш адам ооруканага жаткырылган. Алардын абалы учурда канаттандыраарлык.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 + = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: