Menu

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Япониянын элчиси Сигэки Маэда, JICA өкүлү Немото Наоюки жана япон компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кечээ, 21-апрелде Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Р.А.Казакбаев Япониянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Сигэки Маэда, Япониянын Эл аралык Кызматташтык Агенттигинин (JICA) Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Немото Наоюки жана Кыргызстанда иш жүргүзгөн Япониянын компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Министр Р.Казакбаев япон тарапка Кыргызстандагы ички саясий жана экономикалык кырдаал жөнүндө айтып берди, ошондой эле тышкы саясаттын, анын ичинде Япония менен өнөктөштүк кызматташууну өнүктүрүүнүн негизги багыттары өзгөрүлбөй тургандыгын белгиледи. Эки тараптуу мамилелерди, анын ичинде инвестициялык кызматташуу жаатындагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары тереңдетүүнүн маанилүүлүгү өзгөчө белгиленди.

Тышкы саясат мекемесинин башчысы Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин Кыргыз Республикасындагы маанилүү социалдык-экономикалык долбоорлорду жүзөгө ашырууга багытталган жигердүү ишин белгилеп, ишке ашырылып жаткан мындай ийгиликтүү долбоорлордун бири “Бир айыл – бир продукт” долбоору экендигин эскертти.

Кыргыз Республикасында бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, кыргыз тарап чет өлкөлүк инвесторлорду жана инвестицияларды коргоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө, атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун “Менчикти коргоо жана ишкерлерди жана инвесторлорду колдоо жөнүндө” жарлыгы боюнча мааалымат берилди.

Соода, инвестиция тартуу, медицинаны, айыл чарбасын жана IT индустриясын өнүктүрүү жаатындагы маселелерге токтолуп, Япониянын Элчиси Сигэки Маэда экономикалык дипломатия боюнча презентация жасады. Япония менен ишкер байланыштарын, анын ичинде Тышкы сооданы өнүктүрүү боюнча Япония уюмунун (JETRO) тармагын колдонуу менен кеңейтүү боюнча конкреттүү сунуштар айтылды.

JICAнын Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Немото Наоюки кызматташуунун негизги багыттары менен программаларына токтолду, алардын негизги саясаты – Кыргыз Республикасында туруктуу жана тең салмактуу экономикалык өсүштү колдоо болуп саналат. Тактап айтканда, Н.Наоюки тармакты диверсификациялоо жана жумуш орундарын түзүү боюнча (айыл чарба продукцияларын экспорттоого көмөктөшүү, чакан жана орто бизнести, өнөр жайын өнүктүрүү жана диверсификациялоо үчүн инфратүзүмдү өнүктүрүү), ошондой эле мамлекеттик башкарууну жана социалдык чөйрөнү (мамлекеттик кадрларды окутуу, мамлекеттик башкарууну санариптештирүүгө жардам берүү, саламаттыкты сактоо маселелери ж.б.) өркүндөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат берди.

Ошондой эле Япониянын бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен конструктивдүү диалогу болуп, анын жүрүшүндө инвестицияларды тартуу, Кыргызстандын айыл чарба продукциясын Японияга жайылтуу, IT-технологияларын өнүктүрүү, кыргыз жарандарын Японияда жумушка орноштуруу, эки тараптуу келишимдерди түзүү, бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу жана жеңилдетилген шарттарды түзүү маселелери талкууланды.

Иш-чаранын жыйынтыгында, тараптар жемиштүү кызматташууну улантуу, эки өлкөнүн ортосундагы инвестицияларды кубаттоо жана өз ара коргоо боюнча макулдашууну, ошондой эле эмгек миграциясы жаатындагы меморандумду иштеп чыгууну тездетүү боюнча макулдашууга жетишишти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 + = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: