Menu

Эржан Сулайман, укук коргоочу: “Гүлзат Аалиеванын постторунда жектешүү тили кеңири колдонулган экен”

Бөлүшүү:
Белгилүү укук коргоочу Эржан Сулайман өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасында дагы бир Facebook социалдык тармагынын колдонуучусу Гүлзат Аалиеванын дин жана аймактар аралык кастыкты козутуу айыбы менен шектелип, камакка алынышы боюнча комментарий калтырган:
“Философия илимдеринин кандидаты, доцент Гүлзат Аалиева кече күнү суракка чакырылып, камакка алыныптыр.
Ал тууралуу кабарым жок болчу экен, жаңы эле постторун карап чыктым.
Адам укуктары жана мыйзамдуулук жаатынан алып карайлы.
Аалиеванын постторунда жектешүү тили кеңири колдонулган экен, адамдардын туткан дининин, аймактык таандуулугунун, ишмердүүлүгүнүн негизинде. Мисалы “тексиз сарт муслимдер”, “мусул мал”, “мусул маңка” жана башка адамдардын кадыр-баркын басмырлаган сөздөр көп кездешет.
Адамдардын диний ынанымдары менен аймактык таандуулугунун байланыштырылганын байкаса болот, мисалы “тексиз муслимдер Бакиевдин жердеши…” жана ошондой эле тарыхтагы басмачылардын да ошол катарга таандуулугу посттордо айтылат.
Жектешүү тили кыргыз коомчулугунда кеңири жайылганы өтө терс көрүнүш жана адамзаттын тарыхына кайрылсак, ал көптөгөн кагылышуу жана согуштарга алып келгени маалым.
Ошондуктан жектешүү тилин алдын алуу, аны менен күрөшүү – толеранттуу, көп түрдүү жана тилектеш коомду курууда, улуттук коопсуздукту бекемдөөдө чоң мааниге ээ.
Башка адамдардын туткан дини болобу же мыйзам коргоого алган башка мүнөздөмөлөрү болобу, кимдир бирөөгө жакпаган күндө дагы ал адамдын укугу жана эркиндиги экендигин тааный билүү жана адамдардын эркин тандоосун урматтай билүү маанилүү!
Жектешүү тилинин чеги болот, чектен өткөндө мамлекет тарабынан чаралар көрүлүшү керек. Ал эми чекке чейинкиси коомчулук тарабынан сындоо, айыптоо аркылуу алдын алынышы абзел.
Чектен өткөн жектешүү тилине карата чара көрүү Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пакттын 20-беренесинде төмөндөгүдөй белгиленет:
“Дискриминацияны, араздашууну же зомбулукту козутуучу улуттук, расалык же диний касташууну көздөгөн кайрылууларга мыйзам тарабынан тыю салынышы керек”.
КР Жазык Кодексинде төмөндөгүдөй каралган (айып пул салуу мүмкүнчүлүгү каралганда туура болмок).”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 61 = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: