Бүгүн, 23-апрелде эртең менен жол кырсыктын кесепетинен каза болгон 1999-жылы туулган КРнын жараны Ш.Бнын сөөгү Кытайдан Кыргызстанга жеткирилип, андан ары кичи мекенине көмүү үчүн туугандарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Ш.Бнын туугандарына Кыргыз Республикасынын Пекиндеги Элчилиги тарабынан тиешелүү консулдук-укуктук жардам, ошондой эле маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүүгө байланыштуу башка зарыл жардам көрсөтүлдү, ал процедура катуу карантиндик чектөөлөр шартында жана түз эл аралык аба каттамдар болбогон учурда ишке ашырылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ