Menu

ЕЭК кеңеши ЕАЭБ өлкөлөрүндө шекерди бажы алымынан убактылуу бошотуу чечимин кабыл алды

Бөлүшүү:

Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши 2021-жылдын 15-майынан 30-сентябрына чейинки мезгилде шекерди бажы алымысыз киргизүү түрүндө тарифтик жеңилдетүү сунуштоо чечимин кабыл алды. Мындай чечим Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри – экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаковдун видеоконференцбайланыш режиминде өткөн Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин кезектеги кеңешмесинде кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасына – 40 миң тоннадан ашпаган көлөмдөгү, Армения Республикасына – 22,4 миң тоннадан ашпаган, Казакстан Республикасына – 134,4 миң тоннадан ашпаган, Россия Федерациясына 350 миң тоннадан ашпаган  көлөмдөгү шекерди киргизүүдө бажы алымынан бошотулат.

Кеңештин аталган чечими анын расмий жарыяланган күнүнөн тартып 10 календардык күн өткөн соң күчүнө кирет.

ЕЭК Коллегиясы Бирликке кирген мамлекеттер менен биргеликте ай сайын, тарифтик жеңилдикти колдонуу менен шекердин импорттолгон иш жүзүндөгү көлөмүнө, ошондой эле ЕАЭБ мамлекеттеринин ички рыногундагы сатуу көлөмүнө мониторинг жүргүзүп, ЕЭК кеңешине маалымат берип турат.

Тараптар рыноктогу шекердин баасына байланыштуу абалды эске алуу менен, зарыл болгон учурда үстүбүздөгү жылдын июль айында кошумча стабилизациялык чаралар тууралуу маселени кароого кайрылууну макулдашты.

Учурда ЕАЭБ өлкөлөрүнө кирбеген өлкөлөрдөн ташылып келинген шекерге импорттук алым тоннасына 340 долларды түзөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − 62 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: