Menu

Мамкаттоо кызматы 2006-жылдын үлгүсүндөгү (чет өлкөгө чыгуучу) паспортко документтерди апрель айынын аягына чейин гана кабыл алат

Бөлүшүү:

Ушул жылдын апрель айынын аягына чейин калкты тейлөө борборлорунда 2006-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортторун алууга документтерди кабыл алынат. Бул тууралуу мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Алардын айтымында, 3-майдан баштап, 2020-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык биометрикалык паспортуна документтерди кабыл алуу башталат. Документти текшерүүдөн өткөрүү жана персоналдаштыруу процесси 18 жумушчу күндө аткарылат.

Кыргыз Республикасынын биометрикалык паспортун шашылыш түрдө персонификациялоону май айынын аягында киргизүү пландаштырылууда. Ушуга байланыштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жакынкы аралыкта чет өлкөгө сапарларды пландаштырып жаткан жана паспортко муктаж жарандарды апрелдин аягына чейин паспорт алуу үчүн калкты тейлөө борборлоруна жана паспорт бөлүмдөрүндө белгиленген тартипте кайрылууга чакырат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 − 26 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: