Menu

Тышкы иштер министри Россияда кармалган кыргызстандыктын укугун коргоого чакырган жарандык уюмдардын лидерлери жана активисттери менен жолугушуу өткөрдү

Бөлүшүү:

​Кечээ, 27-апрелде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде Министр Р.Казакбаевдин Тажикстан Республикасынын укук коргоо органдарынын өтүнүчү боюнча Россия Федерациясынын аймагында кармалган Кыргыз Республикасынын жараны Э.Мажитовдун укугун коргоого чакырган жарандык уюмдардын лидерлери жана активисттери менен жолугушуусу өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө конструктивдүүпикир алмашуу болуп, Министр Р.Казакбаев чет өлкөлөрдөгү жарандарыбыздын укугун жана кызыкчылыктарын коргоо Министрликтин жана чет өлкөлөрдөгү мекемелердин артыкчылыктуу милдети экендигин баса белгиледи.

Министр Р.Казакбаев өлкөдө саясий стабилдүүлүктү сактоо жана Кыргы Республикасынын кызыкчылыктары үчүн аракеттерди консолидациялоо гана өлкөнүн жарандарынын социалдык-экономикалык бакубаттуулугун жакшыртууга багытталган реформаларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берерин өзгөчө белгилеп кетти. Бул жааттан алганда Кыргызстанда демократиялык коомду курууда активдүү катышкан жарандык активдердин негизги ролун белгилеп кетти.

Р.Казакбаев Э.Мажитовго эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашууларга ылайык көрсөтүлүп жаткан консулдук-укуктук жардамдар тууралуу маалымат берди. Кыргызстандын Москвадагы Элчилиги тарабынан Россия Федерациясынын ТИМдин дарегине КРнын жаранынан карата компетенттүү органдардын объективдүү, толук жана ар тараптуу каралышын өтүнгөн расмий кайрылуу жасалгандыгын белгиледи.

Ошону менен бирге, Р.Казакбаев жолугушуунун катышуучуларына Минск жана Кишинев конвенцияларынын негизинде кылмыш иштери боюнча эл аралык-укуктук кызматташуу боюнча өз ара аракеттерди ишке ашырууда КМШга мүчө-мамлекеттердин компетенттүү органдары – Генералдык прокуратуралары тарабынан экстрадициялоо маселесин кароонун тартибин кеңири түшүндүрүп берди.

​Маектин жүрүшүндө чет өлкөлөрдөгү кыргыз эмгек мигранттарынын абалы тууралуу маселелер талкууланды. Р.Казакбаев алардын укуктук статусун камсыздоо тармагындагы маселелерди жөнгө салуу боюнча Министрликтин пландары тууралуу айтып берди.

Жолугушуунун айрым катышуучулары чектеш өлкөлөр менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери, ошондой эле чек арада өткөн окуялар тууралуу пикирлерин билдиришти.

Өз кезегинде Р.Казакбаев чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча жолугушуулар мындан ары да улантыларын, ал эми ар кандай талаш маселелер бул процесске тартылган Тараптардын ортосунда дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу ишке ашырылышы керектигин белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 98 − = 97

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: