Menu

Сенат жер тилкелери тууралуу талаштуу мыйзамды мажилиске кайтарды

Бөлүшүү:

29-апрелде Казакстан сенаты жер маселелери тууралуу талаштуу мыйзам долбооруна эки түзөтүү киргизип, мажилиске кайтарды.

Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо учурунда сенат депутаты Абдалы Нуралиев Жер кодексинин 48 жана 128-беренесине өзгөртүү киргизүү сунушталганын айтты. Ага ылайык, жеке токой өстүрүү үчүн жер тилкелери Казакстандын жарандарына гана жана чет элдик үлүшү жок казакстандык юридикалык жактарга гана берилет.

Буга чейин активисттер мыйзам долбоорунда чет өлкөлүк жарандарга жер тилкелери берилип кетиши мүмкүн болгон “жылчыктыр” бар экенин айтып, бул өлкөнүн эгемендүүлүгүнө жана улуттук коопсуздугуна коркунуч жаратарын билдиришкен.

2016-жылы Казакстанда айыл чарба жерлерин чет өлкөлүктөргө сатууга жана узак мөөнөткө ижарага берүүгө жол ачкан мыйзам долбооруна коомчулук наарызы болуп, жапырт акциялар өткөн. Буга байланыштуу ал кездеги президент Нурсултан Назарбаев документке беш жылга мораторий киргизген. Анын мөөнөтү быйыл 31-декабрда аяктайт.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: