Menu

Каныбек Иманалиев, депутат: “Эртедир-кечтир Акаев өз мекенине кайтып келет”

Бөлүшүү:

-9-декабрь күнү Берлин шаарында КР тунгуч президенти Аскар Акаев жубайы Майрам жана кызы Бермет болуп, ошо жердеги кыргыз жарандары менен жолугушууга келип, жагымсыз окуяга туш болушкан. Жумуртка чабуулуна өткөн жигиттин жорук- жосуну, Бермет Акаева атасын коргоо иш-аракети соцтүйүндөрдө аябай чоң талкуу жаратты. Биз бул окуяга өз баасын берүү үчүн айрым адамдарга кайрылып, «учурда Аскар Акаев мекенине кайтып келүүсү зарылбы?» деген соболду узаттык.

– Мен ал жагымсыз окуяны көрдүм. Бул улуттук каада-салтка, биздин үрп-адатыбызга такыр дал келбеген көрүнүш. Адамгерчиликке жана мыйзамга да туура келбеген окуя. Жаманбы-жакшыбы, Аскар Акаев Кырызстанды эң оор, эң катаал мезгилде башкарды. Эгемен алган жылдары чечкиндүү кадамдарды жасап, мамлекетке көптөгөн алгылыктуу иштердин башатын түптөдү. Анын жемишин азыр да көрүп атабыз. Ал эми Кыргызстандын тунгуч президентинин өз мекенине кайтып келүүсү бир топ маселелерге байланыштуу. Өзүңөр билгендей, байкагандай, Кыргызстанда жалпы элдин баарына тегиз, бирдей жаккан саясатчыны табуу өтө кыйын. «Катуу басса таскак, акырын басса аксак» дейбиз. Аскар Акаевдин өз өлкөсүнөн чыгып кеткенине 12 жыл болуптур. Эртедир-кечтир өз мекенине кайтып келет. Бирок, кандай шартга – бул өзүнчө маселе.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: