Menu

Бишкекте чек ара чырында жабыркагандар үчүн 150гө жакын адам кан тапшырды

Бөлүшүү:
Бүгүн, 30-апрелде Республикалык кан борборунда жабыркагандар үчүн 150гө жакын адам кан тапшырды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү минитсрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Министрлик Баткен облусунун жана Бишкек шаарынын саламаттык сактоо уюмдарына жаткырылган жабырлануучуларга медициналык жардам көрсөтүү үчүн кандын жана анын компоненттеринин жетиштүү көлөмү бар экенин белгиледи.
“Антсе да, жабыр тарткан мекендештерибиз үчүн кан тапшырууну каалагандар кан борборлоруна барып тапшырса болоорун эске салабыз”, – деп айтылат маалыматта.
Жаракат алган мекендештерибиз үчүн кан тапшырууну каалагандар төмөнкү дарекке кайрыла алышат: Бишкек ш., Ч.Айтматов проспектиси, 60. Республикалык кан борбору.Иштөө тартиби: дүйшөмбү-жума 8:00 – 14:00 чейин; ишемби күнү 8:00 – 11:00 чейин
Кан тапшыруу үчүн паспорт, айдоочулук күбөлүк же аскер билети менен баруу керек.
Кан тапшырардын алдында майлуу, куурулган, сүт азыктарынан баш тартуу керек.
Облустардагы бардык Кан борборлору да ушул эле тартипте иштейт.

.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 88 = 97

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: