ИИМдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков бүгүн Баткен районундагы Кызыл-Бел жана Достук айылдарында болду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Андан соң Лейлек районунун жергиликтүү жашоочулары менен жолугушуп, коомдук тартипти сактоо багытында, тартип бузуулардын алдын алуу жана жарандардын коопсуздугун сактоо максатында эл арасында болуп, жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүүнү улантууда.
Коомдук тартипти сактоо максатында өз ыктыры менен келген элдик кошуундун мүчөлөрү менен жолугушуп, абалды турукташтырууда алардын да
ролу жогору экендигин белгиледи. Бүгүн түнү менен да Лейлек районунун чек арага жакын айылдарындагы коопсуздук маселелерин жеке көзөмөлгө алуу максатында чек арага чектеш аймактарды дагы кыдырып, жергиликтүү жарандар, элдик кошундар менен бирге коопсуздук чараларын көрөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ