Бишкек шаардык мэриясы 6-майдан тарта 6-июнга чейин бир айга ысык сууну өчүрө тургандыгын жар салды. Токтомго мэр Суракматов кол койгон. Коомчулукта ыйык орозо айы башталып жатса ысык сууну өчүрүп жаткан мэр Суракматовдун “мээси жайындабы” деген сындар арбын айтылып жатат. Айрымдар “Курман ыраазыга баары бир эмеспи” деп нааразычылыктарын билдиришти. Бирок Суракматов башым деп да койгон жок. Сыягы, орозоңорду милдет кылбай кармагыла деген позицияны карманып жатат окшойт.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ