Menu

Чек ара кызматы: Тажик тарап Төрт-Көчө жолун толугу менен жаап салды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 1-май саат 11:30да мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал чыңалып турат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, тажик тарап Ош – Баткен – Исфана унаажолунун Төрт-Көчө жолун толугу менен жапты.

“Тажикстан аймагында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын көздөй аскер техникаларынын кыймылы байкалды” – деп билдирет Чек ара кызматы.

Белгилей кетсек, 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, 29-апрелде да уланган. Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болуп, үйлөр жана имараттар өрттөлдү. Соңку маалыматка караганда, кыргыз тараптан 154 адам жараат алды, алардын 31и каза болду.

Баткен жана Лейлек райондорунда кеминде 11 айыл, 5 тозот жабыркады, бир айыл жана май куюучу 27 бекет толук өрттөлдү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

Комментариялар

Алишер
3 years артка

А биздикилер эмне кылып олтурат?

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: