Menu

Бишкектеги карылар үйүнүн кызматкерлери жана камкордукка алынган карылар чек ара жаңжалынан жапа чеккендерге гумжардам чогултушту

Бөлүшүү:

Борбор калаадагы карылар үйүнүн кызматкерлери жана камкордукка алынган карылар четте калышкан жок, алар дагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурунда жапа чеккен мекендештерге гуманитардык жардам чогултушту. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Карылар үйүнүн кызматерлери бир күндүк эмгек акыларын которушуп, пенсионерлер акча чогултушту. Мындан тышкары, алар жылуу кийимдерди, матрацтарды, тамак-аш жана жеке гигиена каражаттарын чогултушту.

Алар Баткен облусунун эли менен биргеликте экенин айтып, колунан келген жардамдарын көрсөтүүгө даяр болгондорун белгилешти. Курман болгондорго терең кайгырышвп, жакындарына көңүл айтышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − 79 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: