“Урал авиалиниялары” компаниясынын бир топ жүргүнчүсү Орусияга билет сатып алышканын, бирок аларды 1-майда учакка отургузбай коюшканын билдиришти. Маалыматка караганда, алардын ордуна башка кишилер учуп кеткен.
Душанбе шаарынын жашоочусу Парвиз Мирзоев 2-майга караган түнү “Душанбе” эл аралык аэропортуна барып, билети бар экенине карабай учакка отура алган эмес.
“Алар салон толук, орундардын баары бош эмес экенин айтышты. Ушундай кантип болсун, биздин колубузда билетибиз бар, ошол билеттин негизинде, дал ошол каттам менен учушубуз керек болчу. Бизге билеттерибиз сатылып кеткенин айтышты”, – деди Парвиз.
Ал өзү менен кошо дагы 19 киши ушундай абалга кабылганын кошумчалады.
“Урал авиалиниялары” компаниясынын Душанбедеге кеңсеси бир билеттин бир нече кишиге сатылышы жөнүндө кабары жок экенин, кардарларын Орусияга учурууну уюштурууга аракет жасай турганын кабарлады.
Өткөн аптада Тажикстандын Жарандык авиация агенттиги Орусиянын төрт авиакомпаниясы чартердик каттамдардын билеттерин арзандатканын билдирген.
Мекеменин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө авиабилеттер 8 миң 500 сомониден (752 доллар) жогору эмес баада сатылууда.
Буга чейин Орусияга учуп кетүүнү каалаган жарандар чартердик каттамдарга билеттер 10-17 миң сомониден сатылып жатканына даттанышкан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ