Menu

Билл Гейтс 27 жыл бирге жашаган жубайы менен ажырашып жатканын билдирди

Бөлүшүү:

Билл Гейтс жубайы Мелинда экөө ажырашуу тууралуу чечим кабыл алышканын билдирди.

“Өз ара мамилебиз тууралуу көп ойлонгондон кийин биз ажырашууну чечтик. Акыркы 27 жылдын ичинде мыкты балдарды тарбиялап-өстүрдүк, дүйнө боюнча адамдардын дени сак жана үзүрлүү жашоосуна жардам берип иштеп келаткан фондду түздүк. Бизди миссиябыздагы ишеним бириктирип турат, фонддо бирге иштөөбүздү улантабыз”, — деп жазды ал «Твиттер» баракчасына.

Жубайлар 1994-жылы 1-январда баш кошкон. Эки уул, бир кызды тарбиялап өстүрүштү.

Билл Гейтс – байлыгы боюнча дүйнөдөгү төртүнчү адам. “Форбс” журналы анын байлыгын 124 миллиард долларга баалаган.

2005-жылы декабрда Time журналы Мелинда жана Билл Гейтсти Боно менен бирге жылдын адамдары деп атаган.

2006-жылы май айында жубайлар кайрымдуулугу менен дүйнөгө тийгизген таасири үчүн Астурий ханзаадасынын «Эл аралык кызматташтык үчүн» деген сыйлыгын алышкан. Ошол эле жылы ноябрда алар саламаттык сактоо жана билим берүү тармагындагы кайрымдуулук иштери үчүн Ацтек бүркүтүнүн ордени менен сыйланган. 2006-жылы Мелинда Forbes журналынын эң таасирдүү 100 аялынын тезмесинин 12 сабына жазылган. 2014 жана 2017-жылдары ал бул тизменин үчүнчү сабына чейин жогорулаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

50 + = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: