Бүгүн, 4-майда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин жыйыны чек ара жаңжалы учурунда курман болгондорго таазим кылуу менен башталды.
Күн тартибинде 28-30-апрелде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы болгон чек ара куралдуу жаңжалы жөнүндө маалымат угулду.
“Интернетте күн сайын чек арадан күйүүчү-майлоочу майлары бар 200-300 унаа өтөт деп жазылып жатат. Алардын ар биринде 40 тонна күйүүчү-майлоочу май бар. Буга ким жооп берет? Баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү себеп болушу мүмкүн деп жазышууда”, – деди депутат.
Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев аткезчилик ИИМдин компетенциясына кирбей турганын билдирди.
“Баңгизаттар боюнча тергөө иштери жүрүп жатат, бирок мен бул негизги себеп деп ойлойм”, – деди ал.
Башкы прокуратуранын өкүлү көзөмөл органында тергөө функциясы жок экендигин эске салды.
Депутат Искендер Матраимов жыйынга УКМКнын, Чек ара кызматынын жана Бажы кызматынын өкүлдөрү чакырылышы керек болчу экенин айтты.
“Азыр айтылган маалыматтарды ЖМКлардан окуганбыз, жаңы эч нерсе айтылган жок. Бул маселени талкуулоону эрте баштап алышты. Алдын ала жыйынтыктар да чыгарыла элек”, – деди депутат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ