Бүгүн, 5-майда Кыргыз Республикасы менен Ислам Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы айыл жеринде мобилдик клиникаларды сатып алууга жана эксплуатациялоого “Фаель Хайр” программасы боюнча кайрымдуулук салымды ишке ашыруунун алкагында 2014-жылдын 3-декабрында Сауд Араб Падышалыгынын Мекка шаарында кол коюлган Макулдашууну жүзөгө ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасына 5 мобилдик мультидиагностикалык клиника келди. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин жетишилген макулдашууларга ылайык, калкты медициналык жардам менен камсыз кылуу боюнча клиникаларды жана көчмө ооруканаларды даярдоо багытында дүйнөлүк лидерлердин бири “NORMECA AS” компаниясы бул долбоордун негизги аткаруучусу болуп эсептелет.
Бул клиникалар Түркиядагы заводдордо даярдалган жана республиканын айыл-кыштактарында жана алыскы райондорунда медициналык жардамдын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ