Бүгүн, 5-майга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 397 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 210, Ош – 5, Чүй облусунан – 130, Ош облусунан – 9, Нарын облусунан – 11, Ысык-Көл облусунан – 19, Жалал-Абад – 9, Баткен – 4. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 96 958 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 248 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 90 394кө жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 151, Ош шаарынан – 7, Чүй облусунан – 59, Ош облусунан – 4, Талас облусунан – 1, Нарын облусунан – 7, Ысык-Көл облусунан – 11, Баткен облусунан – 4, Жалал-Абад облусунан – 4.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондор: Бишкек шаарынан – 3, Ысык-Көл облусунан – 3, Ош шаарынан – 1. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1637ге жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ