Баткенде сел сууларын тазалоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 6-майда, саат 23:13 чамасында Кадамжай районунун тоолорунда жааган жаандын кесепетинен Ак-Турпак айыл аймагынын
Өрүкзар айылындагы №12 Селводзащитанын балансындагы дамбага суу толуп, узундугу 4-5метр аралыктагы дамба бузулуп, Ак-Турпак айыл аймагынын Кайтмас, Өрүкзар жана Торговый айылдарына коркунуч жараткан.
Мындан улам 1500 элдер коопсуз жерлерге чыгарылган. Натыйжада Торговый айылынын жолдорун, Техас кафесинин короолорун жана жол боюндагы дүкөндөрдү сел суулары баскан.
Азыркы убакта суу токтогон, 1500 жергиликтүү эл туруктуу жашаган аймактарына кайтышты. Учурда тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.
Кырсык болгон жерде КР ӨКМнин Баткен облусук башкармалыгы жана жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтары иш алып барууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ