Кыргызстанда 13-май Орозо айт майрамы деп белгиленди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай чечимди Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши чыгарган.
Эскертүү: Жогорудагы көрсөтүлгөн күн айдын чыгуусуна карап бир күнгө айырмалануусу мүмкүн.
Белгилей кетсек, быйыл Кадыр түн 8-майдан 9-майга караган түнү белгиленет. Кыргызстанда Орозо айы 13-апрелде башталган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ