Бишкектен Түркстанга жаңы аба каттамы ачылат. Бишкектен Казакстандын башкы шаарлары – Алматы жана Нур-Султанга Түркстан аркылуу учууга болот. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда “Манас” эл аралык аэропорту” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, “Түркстан – Бишкек – Түркстан” багыты боюнча жаңы туруктуу каттамды ачуу 2021-жылдын 31-майына пландаштырылып жатат.
Жүргүнчүлөрдү ташуу Казакстандын FlyArystan лоукостери аркылуу жумасына эки жолу – дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү жүргүзүлөт.
Учуу убактысы 1 саат 15 мүнөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ