Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда чек арадагы куралдуу окуяда каза болгон 12 жаштагы Мадинанын апасы менен сиңдиси дарыланууда. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, маркум Мадинанын апасы оор жараат алган, 10 жаштагы сиңдиси болсо бутунан жаракат алган.
“Биз ооруканага барып, алардан кабар алдык. Алар тажик тарап тик учактан аткылай баштаганда жабыркаганын айтышты. Алардын абалы турукташып келе жатат. Жабыркагандардын көпчүлүгү жай тургундар. Ошондой эле аскер кызматкерлери да ар кандай жаракат алышты”, – деди ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ