Menu

Видео – Рита Карасартова: “Коррупцияга каршы күрөш реалдуу болуш керек”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 3-июнда Бишкекте, Ак үйдүн алдында укук коргоочулар “Коррупцияга каршы күрөш реалдуу болсун” деген талап менен митинг өткөрүп жатышат.
“Бишкекте өтө турган саммитке байланыштуу 20-июнга чейин борбордук аянтта митинг өткөрүүгө тыюу салынган экен. Бизге ал тууралу кечээ билдиришти. Бирок, биздин чакырыкты угуп келип алгандар камалып кетпесин деп биз атайын чыктык. Андан сырткары биз Президентке бүгүн өз кайрылуубузду тапшырабыз. Анда 4 маселе камтылган: Биринчиден, коррупцияга каршы күрөш системдүү болушу керек. АКС кызматын УКМКдан чыгарып кетиш керек. Анткени УКМК жабык орган, коррупция менен күрөш жабык органда эмес, ачык-айкын өтүш керек. Экинчиден, 2016-жылы УКМКга тергөөнү да берип койгон. Бул туура эмес, тергөөнү да УКМКадан алыш керек, антпесе бийликтин тең салмактуулугун, балансын бузат. Тергөөнү чыгарып, атайын Тергөө комитетин түзүш керек. УКМК чалгын жана контрчалгын менен гана иштеш керек. Үчүнчүдөн, чуулгандуу коррупциялык иштерди ачык-айкын тергеп-соттош керек. Төртүнчүсү – биз президентти жарандык сектор, журналисттер менен жолугушуусун кайра улантуусун талап кылабыз”, – деди укук коргоочу Рита Карасартова.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 − = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: