Menu

Кытай ИИМге чопкутталган автоунааларды белек кылды

Бөлүшүү:

Кытай өкмөтү Кыргызстандын Ички иштер министрлигине чопкутталган автобус, кичи автобус, жол тандабастарды жана машинелерди берди. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, бул автоунаалардын жалпы баасы 30 миллион юанды же 4,3 миллион долларга жакын каражатты түзөт.

Быйыл майда ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен Кытайдын коомдук коопсуздук министри Чжао Кэчжи техникалык жардам жөнүндө макулдашкан.

3-июнда автоунааларды алып жатып Кашкар Жунушалиев техникалык жардам кыргыз милициясына кылмыштуулукка каршы күрөштө, коомдук коопсуздукту камсыз кылууда, Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) кийинки аптадагы саммитин өткөрүүдө жардам бере турганын билдирген.​

ШКУга мүчө мамлекет башчылардын саммити быйыл 13-14-июнда Бишкекте өтөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: