Menu

Мал уурдалган деп шектелген киши милиция кур менен уруп, башына желим баштык кийгизгенин айтып, кайра танды. Неге?

Бөлүшүү:

Мал уурдалган деп шектелип жаткан киши милиция кызматкерлери ага карата күч колдонуп, кыйнап, сабагынын айтып чыкты. Бирок, кийин бул сөзүнөн баш тартып, укук сактоо органдарынын өкүлдөрү акталган. Бул тууралуу окуя Жогорку соттун сайтына жайгаштырылды.

Окуядагы каармандарды ысымдары өзгөртүлдү. Тергөө органдары укук сактоо органдарынын кызматкери Тамерланды (Д.Т.) кесиптеши Расул (С.Р.К.) менен биргеликте мал уурдоо боюнча кармалган Валентинге (Ш.В.) күч колдонуп, кыйноо менен көрсөтмө алышкан деген айып коюшкан. Тергөөнүн версиясында милиционерлер кармалган киши колу, буту менен уруп-согуп, туш келди кайыш кур менен денесин чапкылап, башына желим баштык кийгизип кыйнашкан.

Валентиндин каркуш-желке жагынан гематоманы, оң колунун манжалары тытылганын, кабыргалары сынганын экспертиза да аныктаган.

Бул боюнча тергөө жүрүп, анда Тамерлан менен Расул айыпталуучуну убактылуу кармоо жайына алып баратышып, жолдон эки жолу токтоп, жасабаган кылмышты моюнуна албаса, жаман болорун айтышып, тамырына “героин” сайынып алууга аргасыз кылышкан. Натыйжада, Валентин өзүн соо алып жүрө албай, тергөө амалдарын өткөрүүнү үзгүлт болушуна себепкер болгон.

Сот жыйыны учурунда, Тамерлан күнөөсүн мойнуна албай, кармалган кишини ур-токмокко албаганын, ал өзү базардан мушташып кеткенин айткан. Ошондой эле Валентинди уурдалган беш койду сатып жаткан жеринен колго түшүрүшкөнү, ошондой эле санкция берилгенчекти, Валентин өзү күнөө моюнуна алып, колго түшүрүп бергенге даяр экендиги жөнүндө төрт жолу тилкат жазып бергендиги боюнча көрсөтмө берген. Ушул эле сөздөрдү шериктеши Расул да кайталаган.

Сот отурумунда жабыркаган Валентин милициялар кыйнап-сабаган деп берген көрсөтмөлөрүнөн баш тартып, мал уурдоо кылмышынан кутулуу аракетин көргөнүн түшүндүргөн. Милиция кызматкерлери “кур менен муунтабыз, сабайбыз” деп коркуткандары менен кол тийгизишпегенин да баса белгилеген. “Мен азыр катуу ооруп жатам, бирөөлөргө жалган айып коюп, күнөөгө баткым келбейт” – деп ал, убактылуу кармоочу жайдан чыга электе эле баңгизатка мас болуп калганын кошумчалаган.

Тез жардамдын фельдшери болсо, Валентин кармалган соң, аны бир жумадан кийин алып келишкенин, денесинен эч кандай залака, жараат таппаганын айтты. Сот дагы жабыркаган тарапка карата эч кандай медициналык документтери жок эле экспертиза өткөргөнүн белгиледи. Анын үсүнө кабыргалары кайсыл убакта сынганын врачтар так аныктай алышкан эмес.

Натыйжада, сот “Кыйноо” беренеси менен айыпталып жаткан кызматкерлерде кылмыш курамы жок деп, актады. Сотко жана соттук териштирүүнүн катышуучуларына сыйлабас мамиле кылбагандар айып пул төлөөгө мажбур болду.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 − 83 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: