2020-жылдын 23-мартында КР УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш чараларынын
алкагында 1973-ж.т. КР жараны, Баткен областынын Кызыл-кыя шаарында туулган, Ош шаарынын тургуну Мырзакулов Эркинбек Токтосунович кармалган. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка караганда, ал Ош шаарындагы турак үйлөрүнүн биринде жашаган адамдар коронавирус жуктуруп алды деген жалган маалымат берген. Медициналык кызматкерлердин текшерүүсүнүн жыйынтыгында коронавирус жуктургандар аныкталган эмес.
Э.Мырзакулов менен профилактикалык иш чаралар өткөзүлгөн соң, кылган
ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалган маалымат бергендиги үчүн кечирим сурады.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы
коронавирустун таралышы боюнча жалган маалыматтарды, ушактарды, тараткан
тараптарды аныктап, табуу, ошондой эле коомдук-саясий жана эпидемиологиялык абалды туруктуу сактоо боюнча тиешелүү иш аракеттерди жүргүзүүнү улантууда.
Эскерте кетсек жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ