Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Султанбаева байыркы шаардын казуу иштеринин абалы менен таанышты. Аны менен кошо Кыргызстандын Юнеско иштери боюнча Улуттук комиссиясынын жооптуу катчысы Сабира Солтонбекова Токмок шаарына жакын жайгашкан Ак-Бешим айыл аймагына барышты. Аталган айыл археологиялык эстеликтери менен белгилүү. Шаарча 1894-жылы ачылган. В.В.Бар-тольддун казуу иштеринин натыйжасында Х-ХII кылымдары курултаи байыркы Караханид мамлекетинин борбору -Баласагын табылган. Ошондон баштап ал жерде казуу иштери тынымсыз жүрүүдө.
Иш сапардын алкагында Султанбаева Ак -Бешим айыл өкмөтүнүн өкүлдөрүнө бир катар тапшырмаларды берди. Ошондой эле материалдыкмаданиймурастарды сактап калуунун маанилүүлүгүн белгилеп, казуу менен алек бол-он археологдорго министрлик тараптан жардам көрсөтулөрун айтты.
Булак: Мантыш
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ