Menu

Баткенде эвакуацияланган жарандар үйлөрүнө жөнөтүлдү

Бөлүшүү:

Облустагы кырдаалга байланыштуу түзүлгөн облустук штабдын чечимине ылайык, 9-майда, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуулардан улам, коопсуз жайга чыгарылган  тургундар үчүн атайын транспорттор уюштурулуп,  үйлөрүнө жөнөтүлдү. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Баткен шаарында 9 пунктта жайгашып турган Баткен районунун жарандары менен Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жолугуп, учурда абал турукташканын, чек ара аймактарында күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын айтып, жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча бардык чаралар көрүлүп жатканын, турак жайсыз калган үй-бүлөлөргө убактылуу үйлөр курулуп даярдалганын билдирди. 

Учурда аймакта калыбына келтирүү жумуштары башталган, биринчи кезекте жарандарды турак жай менен камсыздоо аракеттери жүрүп жатат. 

Белгилей кетсек 28-29-апрелде болгон чек арадагы окуядан, облуста акыркы такталган маалыматтар боюнча 40 649 адам көчүрүлгөн болсо, анын 16147 аялдар, 23931 балдар. 

Ал эми Баткен району боюнча 14361 жаран, Лейлек району боюнча 26288 адам эвакуацияланган болчу. 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 40 = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: