Menu

Чек арадагы окуяда каза болгон жарандардын үй бүлөлөрү үчүн 36 турак үйдүн курулушу башталды

Бөлүшүү:

КР Президенти Садыр Жапаровдун, 28-29-апрель күндөрү, чек арадагы куралдуу кагылышууда каза болгон  36 жарандын үй бүлөлөрүн  ар тараптуу колдоо боюнча демилгесинин алкагында, бүгүн 9-майда Баткен шаарында 36 турак үйдун курулушу башталды. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Турак үйдүн капсула салуу аземине КРнын Президентинин Баткен облусунун чек ара аймактарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын өкүлү Мамыржан Рахимов, КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкулү Абдикарим Алимбаев, «Ихлас» курулуш компаниясынын өкүлдөрү, ошондой эле чек арадагы окуяда каза болгон жарандардын жакындары катышты.  

Курулуш үчүн шаардык мэрия тарабынан Чет-Булак кварталынан 2 гектар жер ажыратылды. Төрт бөлмөлүү ар бир үйдө жашоо үчүн бардык шарттар жана короосу үчүн 6 сотыхтан жер каралган. Аймакка бала бакча жана сейил бак да курулат.  

Турак үйдүн курулушу ата мекендик  «Каганат» инвест холдингинин «Ихлас» курулуш компаниясы   тарабынан башталды. Курулуш иштерин эки ай аралыгында бүткөрүү пландалды. 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 + = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: