Menu

Министр катары иш жасай албаган Космосбек Чолпонбаев сын-пикирдин үстүндө

Бөлүшүү:

Бизнестин битин сыгып канын жалаган, айрыкча дары-дармек тармагында бизнестин кыныгын алып алган Космосбек Чолпонбаев министрликке келгенден бери элдин саламаттыгын эмес, өзүнүн бизнесин кеңейтүү менен алек. Саламаттыкты сактоо тармагынын тагдырына мышык ыйлап, буга чейин болуп көрбөгөндөй коррупцияга батып калганы байма-бай айтылууда. Буга чейин министрди сындап келгенбиз. Бүгүн да жазгыбыз келди. Биздин редакцияга кайрылган жарандардын арыз-муңуна караганда учурда онкологиялык ооруканада коррупция «гүлдөп» кетиптир. Бул боюнча министрдин пикирин угуу үчүн байланышкан аракетибизден майнап чыккан жок. Өтө зарыл иштерден бошой албай атыптыр. Айла жок гезит аркылуу кайрылалы. Урматтуу Космосбек мырза, онкологияга жатып дарылануу үчүн ар бир оорулуудан 10 миң сомдон алынып атканы чынбы? Деги эле ооруканада коррупция жок деп кепилдик бере аласызбы? Коррупцияга каршы кандай күрөш жүргүзө алдыңыз? «Май кармаган бармагын жалайт» болуп, министр болуп келгени бизнесиңиздин бюджетин канчага көтөрө алдыңыз? Баса, сиз ооруп калсаңыз, кайсы ооруканага көрүнөсүз?

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: