Menu

Калмактардын сазайын берген Акмат бий жөнүндө

Бөлүшүү:

Кашкарга кыргыз бийлери ийгиликтүү жортуул жасаган. Акмат бий (канжыгалуу Карачтын иниси) башчылык кылган каракыргыздардын 10 миң атчан аскери Кашкардагы бүт калмактарды талкалаган.

Калмактардын Зайсаңы Доржинин жетекчилиги менен өч алууга келген 10 миң кол толук талкаланып, 3 миңи араң качып кутулган. «Калмактардын кесепетинен кыргыздын сарбагыш, саяк уруулары азыркы ата конушунан эки жолу сүрүлгөн. Биринчисинде 1643- жылы калмактар менен үч жолу катуу согушуп, жеңилгенден кийин түштүккө сүрүлүшөт. Кайра 1743-жылы Цеван Жорчуну талкалагандан кийин көчүп келишет. Жумгалда ал убакта Келдибек
бий экен. Экинчи жолу калмактар кай­ра күч алып Лама Жорчунун аскеринен жеңилишкен кыргыздар кайрадан Анжиян багытына кетишет. Кеп узабай Кубат бийдин жетекчилиги астында Ламаны талкалап, кайрадан өз жерлерине келе башташат. Бириккен кыргыз
күчтөрү 1748-ж. Жайсаң Жорчуну жеңгенден кийин гана кыргыздар өз жеринин кожоюну болушат. Бул уруштарга саяктын, сарыбагыштын уруулары активдүү катышкан (Ж. Кенчиев, «Медет датка», 1996). Азыр Жумгалда Лама атындагы айыл бар.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: