Menu

Фото – Баткен облусунда мечиттер дезинфекцияланууда

Бөлүшүү:

Кечээ, 2-октябрда Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратовдун тапшырмасына ылайык облус аймагында мечиттер дезинфекцияланууда. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, дезинфекциялоо иши облустук Санэпидемия борборунун кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн.

Акыркы маалыматтар боюнча Баткен шаарында 3, Сүлүктүдө 2, Лейлек районунда 3, Кадамжай районунда 14 мечит дезинфекцияланды.

Облус аймагындагы дезинфекциялоо иш-чарасы казыяттын  иш башкарма адиси Абдусатттар ажы Жакыповдун тарабынан көзөмөлгө алынган.

“Кыска убакыттын ичинде облустун аймагындагы бардык мечиттерди толук дезинфекциялап, кылдаттык менен көңүл буруп жатабыз. Мындан тышкары ар бир мечиттин имамына санитардык талаптарды так сактоодо тийиштүү тапшырмаларды бергенбиз”,- дейт Абдусатттар ажы Жакыпов.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: