Menu

Рахмон Путин менен кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды талкуулады

Бөлүшүү:

8-майда Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жолугушту.

Тажик президентинин сайтындагы маалыматка ылайык, эки тараптын жолугушуусунда 29-апрелдеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал да талкууланган. Анда Эмомали Рахмон тажик тарап «бардык маселени тынчтык жолу менен чечүүгө кызыкдар экенин» белгилеген.

Орус президентинин расмий сайтында эки мамлекет башчынын жолугушуусунда кыргыз-тажик чек арасындагы абал талкууланганы тууралуу жазылган жок. Орус лидери Тажикстандагы орус аскер базасын күчтөндүрүүгө кызыкдар экенин билдирген.

28-29-30-апрелдеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык, анын ичинде эки бала курман болгон. 180ден ашуун адам жаракат алды. Баткен облусунда 70тен ашык жеке турак жай кыйрап, өрттөлүп, мектеп жана чек ара бекети сыяктуу мекемелердин имараттары зыянга учураганы жана аймактагы 58 миңге чукул адам жашаган жерин таштап кетүүгө аргасыз болгону кабарланды.

Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганы расмий түрдө жарыяланды. 15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылды.

Согд облусунун бир нече айылында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы кабарланды.

Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарап ок атууну «биринчи баштаган» жана «чек арага кирип келген» деп билдирген. Тажик бийлиги болсо кыргызстандыктарды «башка мамлекетке каршы куралдуу күч колдонгон» деп айыптап, кыргыз-тажик чек арасындагы окуяны «агрессия» деп сыпаттаган.

Эки өлкөнүн Башкы прокуратуралары кылмыш ишин ачып, иликтөө жүргүзүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

− 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: