Menu

Тажикстанда селден алты киши каза болду

Бөлүшүү:

11-майда Тажикстандын бир нече районундагы селден алты киши каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу комитети кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Куляб шаарында эки, Шамсиддин Шохин районунда үч жана Гиссар шаарында бир киши көз жумду.

«Каза болгондордун сөөктөрүн куткаруучулар жана жергиликтүү тургундар табышты. Бул акыркы сан эмес, курмандыктар дагы көбөйүшү мүмкүн», — деди комитеттин басма сөз катчысы Умеда Юсуфи.

11-майда нөшөр жаандан кийин Тажикстандын бир нече аймагында сел жүргөн. «Эркин Европа» радиосунун маалыматына караганда, Куляб-Душанбе унаа жолун суу каптап, транспорт каражаттарынын кыймылы токтогон. Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу комитетинин Куляб аймактык башкармалыгынын өкүлү жаратылыш кырсыгынан кеминде 80 турак жай зыянга учураганын билдирди.

Буга чейин Тажикстандын Хатлон облусуна караштуу Навобод кыштагында жер көчүп, 15 турак жай жана 100 гектар айдоо жери зыянга учураган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: