Menu

Жалал-Абадда түнкү эс алуу клубдарын, кафе-ресторандарды, компьютердик клубдарды, спирттик ичимдик ичип алып унаа башкаргандарды көзөмөлдөө боюнча рейд өтүүдө

Бөлүшүү:

11-16-май күндөрү Жалал-Абад облусунун аймагында коомдук тартипти көзөмөлдөө, кылмыштуулукка бөгөт коюу, жол кырсыктарынын алдын алуу максатындагы бир апталык «Режим» аталышындагы алдын алуу иш-чарасы жүрүүдө.

Рейддин алкагында түнкү убакыттарда мобилдик топтор кызмат өтөөгө чыгышып, түнкү эс алуу клубдарын, кафе-ресторандарды, компьютердик клубдарды, спирттик ичимдик ичип алып унаа башкаргандарды көзөмөлдөп, кайгулдоо багытында кызмат өтөшөт.

Күндүзгү убакыттарда базарлар, эл көп топтолуучу жайлар көзөмөлгө алынып, ИИОнун алдын алуу каттоосунда турган атуулдар менен иш алып барылууда. Үй-бүлөлүк зомбулук жасагандар, милиция тарабынан ар түрдүү багыттар боюнча көзөмөлдө тургандар текшерилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле чет өлкөлөрдөн келип мыйзамсыз жашап жана иштеп жүргөндөр аныкталып, паспорттук эреже боюнча текшерилип жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: