Menu

Президент Садыр Жапаров Афганстан Президенти Мохаммад Ашраф Ганиге Кабулдагы жана Логардагы теракттардын натыйжасында курман болгондорго байланыштуу көңүл айтты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Афганстан Ислам Республикасынын Президенти Мохаммад Ашраф Ганиге Кабул шаарындагы жана Логар провинциясындагы адам өмүрүн алган теракттардын натыйжасындагы курмандыктарга байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

«Кыргыз Республикасынын элинин жана өзүмдүн атымдан Логар менен Кабулда болгон ырайымсыз жана адамгерчиликсиз террордук акттардын кесепетинен жабыр тарткандарга жана курман болгон адамдардын үй-бүлөсү менен жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана аза кайгысын тең бөлүшөм.

Биз бардык террордук көрүнүштөрдү кескин түрдө сынга алабыз жана адамзатка, тынчтыкка каршы кылмыштары үчүн жооптууларды чечкиндүү айыптайбыз.

Жабыркагандардын сакайып кетүүсүн жана афган жергесинде тынчтык менен бакубатчылыктын орношун каалайбыз», — деп айтылат Президент Садыр Жапаровдун көңүл айтуусунда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: