Menu

Акылбек Жапаров, мамкомиссиянын төрагасы : “Кыргызстандын экономикасында “Кумтөр” алтын кенинин мааниси, ролу, орду зор”

Бөлүшүү:

1992-жылдан 2020-жылга чейин Кыргызстан чет жактан кредит, грант болуп баардыгы 11 млрд 426 млн доллар алган. Ошол эле мезгилде Кумтөрдөн түшкөн дүӊ кирешенин көлөмү 11 млрд 338 млн долларды түзгөн. Азыр да чоӊ мүмкүнчүлүгү бар: калдык сактоочу жайдагы мамлекеттин менчигине алынып жаткан баасы 5 млрд 300 млн доллар 106 тонна алтындан тышкары, дагы 400  тоннага жакын алтын бар. Кыргызстандын экономикасында «Кумтөр» алтын кенинин мааниси, ролу, орду зор. Биздин милдет эми Кумтөрдүн калган мүмкүнчүлүгүн өлкө үчүн, өлкөнүн жарандары, келечек муундар үчүн иштетүүдө турат. Бул тууралуу Мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеӊештин кезексиз жыйынында “Кумтөр” алтын кенинин ишмердүүлүгүн иликтөө жыйынтыгы угулуп жатканда билдирди.

«Кумтөрдү толугу менен өз карамагыбызга алууга Кыргызстандын бир нече жолу мүмкүнчүлүгү болгон. Башкы келишим боюнча 2007-жылы Кумтөр биз тарапка өтмөк. Ал шартты 2003-жылы Акаев түзгөн келишим жоюп салган. Экинчи жолу 2009-жылы Бакиевдин тушунда, үчүнчү жолу 2012-жылы Атамбаевдин тушунда болгон. Акаевдин убагында 156 тонна, Бакиевдин убагында 68,2 тонна, Атамбаевдин убагында 132,6 тонна, Жээнбековдун убагында 52,9 тонна алтын сыртка ташылып кеткен. Кыскасы, Кыргызстандын 4 президенти теӊ Кумтөр маселесин чечүүгө эркин топтой албаптыр», – деди Акылбек Жапаров.

Мамкомиссиянын төрагасы Акылбек Жапаровдун айтымында, өткөн мезгил аралыгында кыргыз тараптын макулдугусуз эле Кыргызстандын «Центерра Голд» компаниясындагы акциялык үлүшү 33,3 пайыздан 26 пайызга чейин азайтылган. Кезинде кен иштеткен компанияга салынган 6 млрд сомдон ашуун санкция өндүрүлбөй калган. Жергиликтүү өнүмдөрдү сатып алуу да баардык сатып алуулардын 25 пайызын гана түзөт. Мисалы, ал Монголияда 85 пайыздан ашат.

Текшерүү жүрүшүндө «Центерра Голд» компаниясы кыргыз тараптын өкүлдөрүн сатып алып, эптеп эле акча өөнөп алуунун амалына өткөнү ачыкталды. «Кумтөр» компаниясы бузулду делген техникаларды Канадага алып барып оӊдотуп келет. Алтургай, жараксыз техникалык жабдууларды сатып алып, көп жыл пайдаланылбай тургандан кийин кайра кымбат баада чыгаша кылынып жаткан фактылар да арбын. Мунун баары көзөмөлдүн жоктугунан болууда.

Сөзүнүн соӊунда Акылбек Жапаров Башкы прокуратурадан “Кумтөр” алтын кенинин ишмердүүлүгүн иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыгында келтирилген фактыларды көзөмөлгө алып, күнөөлүү кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароого чакырды. Ошондой эле, айрым бир маанилүү фактылардын чындыгын тактоо үчүн мамлекеттик комиссиянын ишин ушул жылдын күзүнө чейин узартып берүүнү өтүндү.

Эске салсак, Жогорку Кеӊеш 2021-жылдын 17-февралында “Кумтөр” алтын кенинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзгөн, андан кийин ал мамлекеттик комиссия болуп кайра түзүлгөн. Кенден жылына болжол менен 15-18 тонна алтын өндүрүлөт. «Центерра Голд» компаниясынын Директорлор кеӊешинин курамы 11 адамдан турса, кыргыз тараптан 3 гана өкүл бар.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − 23 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: