Menu

Түркмөнстан: калк газ, суу, туз жана электр энергиясы үчүн акча төлөй баштайт

Бөлүшүү:

Түркмөнстанда 2019-жылдын 1-январынан тарта калкка бекер берилип келген электр энергиясы, газ, суу жана туз үчүн акы алына баштайт. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы жергиликтүү ЖМКларга шилтеме кылып билдирди.

Өлкөнүн президенти Гурбангулы Бердымухамедов «Калкты электр энергиясы, газ, ичүүчү суу жана ашкана тузу менен камсыздоону тартипке салуу жөнүндөгү» токтомго кол койду.

Документте 2019-жылдын 1-январынан тарта «Түркмөнстандын калкын электр энергиясы, газ, таза суу жана туз менен жеңилдетилген тартипте камсыздоо» жоюла тургандыгы жазылган.

Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов Элдик кеңештин 25-сентябрдагы жыйынында сүйлөп жатып, «өткөөл мезгилде калкка газды, электр энергиясын, сууну жана тузду бекер пайдалануу, ошондой эле коммуналдык кызматтар үчүн минималдуу тарифтерди белгилөө өңдүү бир катар жеңилдиктер берилгенин» билдирген.

Түркмөнстандын биринчи президенти Сапармурат Ниязов элге электр энергиясын, газды жана сууну 1992-жылы бекер кылган. Алгач түркмөн өкмөтү бул жеңилдиктерди 10 жылга киризип, кийин 2030-жылга чейин узарткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: