Menu

Нурсултан Акылбек, саясатчы: Саясатта азыр уникалдуу абал өкүм сүрүп турат

Бөлүшүү:

Юриспруденция магистри, эл аралык мамилелер боюнча адис, саясый жана коомдук көйгөйлөр боюнча ММКларда пикирлерин жазып, элдин эртеңи үчүн кейиген жаш муун өкүлү Нурсултан Акылбекке айрым суроолорубузду узаттык.

– Президентибиз, жаңы өкмөт, жаңы министрлер шайлангандан бери бир жылга аяк басты. Азыркы саясый акыбалыбыз, бийлик башында отургандардьш ички-тышкы иш алып барууларына бүгүнкү муун өкүлү катары кандай баа бересиң?

– Жакында президентибиздин бийликке келгенине бир жыл болот. Ал эми премьер-министрдин өкмөт башчылыгына келгенине 10 айдай болуп калды. Бирок өлкө үчүн олутгуу иш жасала элек. Убакыт тез өтүп жатканы менен коомчулук күткөн президент тарабынан сот жана күч түзүмдөрүнүн реформасы баштала элек. Премьер-министрдин келгенине он ай болсо да, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү программасы, жарандарыбыздын жашоосун жакшырта турган иш-чаралары бар же жок экендиги белгисиз. Өлкөбүз бир орунда жылбай тургандай сезилип жатат.

– Тышкы саясат боюнча кандай аракеттер көрүлүүдө?

– Тилекке карты, ТИМ жетекчиси Эрлан Абдылдаевдин иши көңүл жылытарлык эмес. Тышкы саясатка көңүл буруша элек. Ушул убакка чейин башка өлкөлөр менен бир да көрүнүктүү келишим түзүлгөн жок. Бул тармак өлкө өнүгүүсүндө абдан чоң ролду ойнойт. Эффективдүү тышкы саясатсыз өлкөнү өнүктүрүү мүмкүн эмес.

– Экс-президент, азыркы президент, ортодогу ары бери оогон саясатчыларыбыз, бүгүнкү кадрлар тууралуу пикириң?..

– Чындыгында азыр өлкөбүздө уникалдуу абал өкүм сүрүп турат. Жогорку Кеңеште КСДП фракциясы азыркы бийликке кызмат кылып, ант бергендей таасир калтырат, ошол эле убакта ушул эле депутаттар партияны жетектеген экс-президенттин уюштуруусунда өткөн партиянын саясый кеңешмесине катышып жүрүшөт. Экс-президентибиз партиянын башында оппозициялык маанайда билдирүүлөрдү жасап жүрөт. Булар же экс-президентги партиянын төрагалыгынан кетириши керек, же азыркы бийликке КСДП оппозиция болуп бериши шарт. Азыркы жасап жаткандыгы эки жүздүүлүккө барабар. Биздин саясатчылар өздөрүнүн жеке кызыкчылыгын мамлекеттин кызыкчылыгынан алдыга койгону сыр болбой калды.

– Инвесторлорду коргоо боюнча дагы иш алып барат экенсиң. Акыркы жылдары өлкөбүздө инвесторлор саны азайганы маалым. Инвесторлордун Кыргызсганда кандай көйгөйлөрү бар?

– Инвесторлорду алып келгенде эң башкы көйгөй – бул коопсуздук менен коррупция. Инвесторлордун акчасы сак болушуна кепилдик беруу кыйын. Коррупция мамлекеттин ар бир органында бар. Акчасыз Кыргызстанда бизнес ачуу кыйын. Андан тышкары, башкы же жергиликтүү бийлик демөөрчүлүк жардам катары ишкерлерден акча сурап көнүп калышкан. Текшерүүлөр абдан көп. Ошол текшерүүлөр коррупцияны жаратат. Өзгөчө тартип коргоо жана фискалдык органдарда арбын. Кыргызстанда бюрократия басым кылат. Бир жумушту бүткөрүш учун бир документ топтогонго көп убакыт кетет. Кыргызстанда коррупцияны жок кылмайынча, өлкөбүздө тартип орномоюнча, ири инвесторлор эшик какпайт.

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 9 = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: