Menu

Акылбек Жапаров: “Кумтөрдүн” 55,2 миллион доллары Айдар Акаев менен байланышкан компанияларга которулган”

Бөлүшүү:

2003-жылы “Кыргызалтын” Айдар Акаевге таандык Ригадагы компаниянын эсебине 11 миллион долларды мыйзамсыз которгон. Андан кийин 3 миллиондук акция (44,2 миллион доллар) чыгарылып, ал Австралияда негизделген “Централ Азия Голд” компаниясына сатылган. Натыйжада 55,2 миллион доллар бирөөнүн чөнтөгүнө түшкөн. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеӊештин кезексиз жыйынында “Кумтөр” алтын кенинин ишмердүүлүгүн иликтөө жыйынтыгы угулуп жатканда билдирди.

Кийинчерээк, 2003-жылы “Централ Азия Голд” компаниясы Кыргызстанда пайда болгон. Алар «Талды-Булак сол жээк» жана Лысый кендерин ээлеп алышкан. Бул компания Айдар Акаев менен байланышта болгон. Компания саясий жана мамлекеттик коррупцияны көздөгөн», – деди ал.

Анын айтымында, 30 жылдан бери мамлекеттик бийлик органдары “Кумтөрдүн” кызыкчылыгын жана позициясын коргоп келишкен.

“Мунун себеби эмнеде экендигин түшүнө алабыз. Коомчулукта кимдир бирөө бийликте сабатсыз адамдар болгон деп айткан, бирок ал туура эмес, анктени бийликте сабаттуу жана билимдүү адамдар болгон. Академик Аскар Акаев кол койгон реструктуризация боюнча биринчи келишим мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келет», – деп кошумчалады ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 − = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: