Кыргызстан “Centerra Gold” менен арбитраждык сотто соттошкондон коркпойт. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда “Кумтөр” боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы, депутат Акылбек Жапаров парламенттин кезексиз жыйынында билдирди.
Ал комиссиянын компаниянын менеджментине нааразычылыктары бар экенин белгиледи.
“Компаниянын жетекчилигине коркунуч жана шантаж өтпөйт деп айтууга мезгил келди. Кыргызстан башка акционерлер менен бирдикте өз укуктарын коргошу керек. Биз арбитраждык соттон коркпойбуз. Компания ошондой эле кырдаал өзгөргөнүн түшүнүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү сунуштап жатат. Биз парламентке арбитраждык сотко элдин өкүлдөрү катары катышууну сунуш кылабыз”, – деди ал.
Акылбек Жапаров кесиптештерин комиссиянын корутундусун колдоого чакырды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ