Menu

Сооронбай Жээнбеков «Чалдовар-Автодорожный» көзөмөл өткөрүү пунктунун модернизациялоо долбоору менен таанышты

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков бүгүн,  5- июлда,Чүй облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында кыргыз-казак мамлекеттик чак ара тилкесинде жайгашкан «Чалдовар-Автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктун модернизациялоо долбоору менен таанышты. Бул туурасында Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Уларбек Шаршеев маалымдагандай, бүгүнкү күндө көзөмөл-өткөрүү пунктунун өткөрүү жөндөмдүүлүгү 5миң адамга чейин жана 300 авто унааны түзөт. Модернизациялоонун жыйынтыгында өткөрүү жөндөмдүүлүгү эки эсе өсөт.

«Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусу менен аталган көзөмөл-өткөрүү пунктунда оор жүк ташуучу унаалардын агымы көбөйгөндүгү байкалды. Буга байланыштуу  аталган пунктуну реконструкциялоо жөнүндөгү тапшырма берилген», – деди Уларбек Шаршеев. Көзөмөл-өткөрүү пунктунун модернизациялоонун алкагында Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлеринин санын көбөйтүү пландаштырылууда.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев маалымдагандай, модернизациялоо иштерин үстүбүздөгү жылдын октябрь айына чейин аяктоо пландаштырылууда. Долбоордун жалпы сметалык баасы 13,9 млн сомду түзөт.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков «Чалдовар-Автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктун модернизациялоо боюнча долбоору менен танышып, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине аталган көзөмөл-өткөрүү пунктуна кирүүчү жолдорду кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн кароону тапшырды.

Ошондой эле ал мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлеринин кызматтык тартипке  жана жүрүш-туруш маданиятына көңүл буруп, калк жана чет элдик меймандар тарабынан алардын ишине карата сын-пикирлер жана даттануулар түшүп жатканын билдирди.

Сооронбай Жээнбеков баса белгилегендей, мамлекеттик чек араны кесип өтүүдө жана жарандарга жагымдуу шарттарды түзүүдө Кыргызстанга  келгендердин жалпы өлкө  тууралуу жагымдуу сезимде калуусу  үчүн чек арачыларды  конокторго жана кыргызстандыктарга максималдуу ыңгайлуу шарттарды түзүүгө чакырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 55 = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: