Menu

Темирлан Султанбековдун аркасы менен Алмазбек Атамбаев реванш алабы?

Бөлүшүү:

Адам баласы өмүр бою окуп-үйрөнүү керектигин мезгил дайыма көрсөтүп келет. Парламенттик шайлоого карай акыл таймаштарын карап отуруп, бул жагына күбө болдук.

«Бүтүн Кыргызстандын» лидери Адахан Мадумаров «Социал демократтардын» талапкери Темирлан Султанбековго дебаттан тийишип алып, туура эмес кылды. Оппозициялык партиялар катары тилектештик кылса болмок да, туурабы? Бири-бирин чукушуу кимге пайда алып келди? Аныгында, «Бүтүн Кыргызстандын» программасындагы «интеграция, унификация» деген сөздөргө түшүндүрмө берүүнү Султанбеков сураса, Мадумаров жооп бере албады.

Ал эми Жанар Акаевден либералдык, социалисттик идеялардын авторлорун Темирлан Султанбеков сурады. Кайсалактатып салды эй! «Билбейсиң» деди. Окуучу баладай кылып. Эске салсак, Жанар Акаев КСДПдан КЛДПга, андан «Ата Мекенге» секирген. Либералдык, социалисттик партиялардын улам бирине лидер болуп аткан адамдын идеологияны эшитпегени эл астында уят да.

Эки чеченди жеңип койгондон кийин, көп «чимкириктин» бириндей сыпатталган Мирлан Бакировду оңой эле калчады го? Көпчүлүк көрдү. Баш чайкашты.

Ошентип, тиш каккан саясатчылардан билимдүүлүгүн көрсөткөн Темирлан Султанбеков «Социал демократтарга» бир топ упай алып келди. Өзүн да көрсөттү. Шайлоодон өтүүгө партиянын шаасы жетпесе да, кадыресе атын чыгарып салды да. Ким билет? Же Темирландын аркасы менен Алмазбек Атамбаев реванш алабы?..

Булак: “Азия news”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: