“Акаевдин убагында 156 тонна алтын, Бакиевдин убагында 68,2 тонна алтын, Атамбаевдин убагында 132, 6 тонна, Жээнбековдун убагында 52,9 тонна алтын сыртка ташылып кеткен. Кыскасын айтканда Кыргызстандын 4 президенти тең Кумтөр маселесин толук кандуу, аягына чыгарып чечүүгө эрк топтой албай эле кете беришиптир”, – деп билдирди 17-майда КР Жогорку Кеңешинин кезексиз чукул чакырылышында Кумтөр алтын кениндеги Центерра компаниясынын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров.
“Комиссия түзбөгөн жалгыз президент Роза Отунбаева болуптур. Бирок Роза Исаковна деле Убактылуу өкмөттүн бир декретин аябай туруп, бир декрет менен Кумтөрдү улутташтырып салса болмок эле”, – деди Акылбек Жапаров.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ