Menu

Өзбекстандын Юстиция министрлиги оппозициялык партияны каттоодон баш тартты

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Юстиция министрлиги жакында эле түзүлгөн «Адилеттүүлүк жана өнүгүү» социал-демократиялык партиясын каттоодон баш тартты.

Партия лидери Хидирназар Аллакуловдун айтымында, алар мамлекеттик каттоодон өтүү үчүн министрликке эки жолу — 7чи жана 27-апрелде кол тамгаларды тапшырып, 7-майда жооп алышкан.

– Жооп катары жөтөткөн катта кол койгон 27 киши каза болуп калганы, 2044 киши партияны колдогон кол тамгаларын жокко чыгарууну өтүнгөнү жазылган. 27-апрелде биз министрликке дагы бир топ адамдын кол тамгасын тапшырдык. Мекемеден азыр ал кол тамгалар текшерилип жатканын айтышты. Бирок министрликтин билдирүүлөрү бири-бирине каршы келүүдө. Бир жагынан алар бизди каттоодон баш тартканын айтып жатышса, экинчи жагынан кол тамгалар дале текшерилип жатканын билдиришүүдө», — деди Аллакулов.

Юстиция министрлиги каттоодон баш тартуу себебин «Адилеттүүлүк жана өнүгүү» партиясынын өкүлдөрү тапшырган кол тамгалардын саны «Саясий партиялар» тууралуу мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга жооп бербегени менен түшүндүрүүдө.

Аллакулов партиянын активисттери жаңы кол тамгаларды топтоо боюнча өнөктүк башташканын билдирди. Ал Өзбекстанда «Адилеттүүлүк жана өнүгүү» партиясын колдоп кол койгон жарандарга басым болуп жаткандыктан, бул жолу чет өлкөлөрдөгү өзбекстандыктарга кайрылууну чечишкенин кошумчалады.

Буга чейин айрым активисттер укук коргоо органдарына суракка чакырылганын айтып, «Адилеттүүлүк жана өнүгүү» партиясын колдоп кол тамга топтоону токтотууга аргасыз болушканын билдиришкен.

Быйыл 4-майда Ташкенттин Юнусабад райондук соту Хидирназар Аллакуловду «Жалаа жабуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 20 базалык эсептик көрсөткүч (470 доллар) өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирген. Партия лидерине каршы ага 31-мартта кол салган белгисиз кишилер арыз менен кайрылышкан.

31-мартта 20га жакын белгисиз киши Хидирназар Аллакуловго үйүнүн жанында кол салып, анын саясат менен алектенүүнү токтотушун жана Ташкентте ижарага алып иштетип жаткан партиянын кеңсесин бошотууну талап кылышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 + = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: