Кытай профессору Сунь Веньгуан “Америка үнү” радиосуна телефондон түз эфирде интервью берип жаткан учурда анын үйүнө 6 полициячы жулунуп кирип, кармап кетишкен. Ошондон бери 10 күн өтсө да алигичие андан дайын жок. Сунь Веньгуан Кытай бийлиги өз өлкөсүндө миллиондогон кишилер жакырчылыкта жашап жатканына карабай миллиарддаган акчаларды Африкага жумшап жатканына нааразычылык билдирип, бийликти сындап жаткан. Сунь Веньгуан Кытай бийлигин көп жылдардан бери сындап келген сынчыл көз караштагы жаран жана 1978-жылдан бери бул ишмердиги үчүн бийлик аны куугунтукка алып, бир нече жолу түрмөгө камашкан.
Видеотасма “Настоящее время” телеканалынан алынды
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ