Menu

Тажикстандык журналист кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал тууралуу видеофильм тартты

Бөлүшүү:

Тажик журналисти Орзу Исоев кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал жөнүндө «Кызыл жана кара: согуштун түстөрү» деген 30 мүнөттүк видеофильмин YouTube каналына жайгаштырды.

Орзу Исоев видеофильмде “Эркин Европа” радиосунун кабарчысынын “таймлайны” (окуяны хронологиялык тартипте визуалдык түрдө көрсөтүү) колдонулганын билдирди.

Видеофильмдин автору “Головной” суу сактагычында, Исфарадагы Хожаи Аъло айлында болгон. Тасма журналисттердин жаңжал болгон аймактагы татаал ишин баяндайт.

28-29-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду. Тажик тараптан 19 адам каза болгону расмий айтылды. Эки өлкө бул үчүн бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошту.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: