Menu

Өзбекстанда ата мекендик өндүрүштөгү брондолгон жаңы автоунаа сыноодон өткөрүлүүдө

Бөлүшүү:

Өзбекстанда аскердик максатта пайдалануу үчүн жеңил брондолгон TARLON автоунааларын сыноо башталды. Бул тууралуу 20-майда өлкөнүн Мамлекеттик коргонуу өнөр жайы комитети кабарлады.

Унааны сыноо иштерине күч түзүмдөрүнө байланышы бар министрликтер менен мекемелердин адистери жана аскер кызматкерлери катышууда.

«Сыноонун алгачкы баскычында зооттолгон автоунаанын баллистикалык коргонуунун стандарттарына канчалык деңгээлде жооп бере турганы текшерилет. Мындан тышкары жүрүүсү жана түрдүү тоскоолдуктардан өтүү мүмкүнчүлүктөрү сыналат», – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Расмий маалыматка ылайык, TARLON Өзбекстан Куралдуу күчтөрүнүн министрликтери жана мекемелеринин буйрутмасына ылайык, өлкөнүн коргонуу-өнөр жай комплекстеринде иштелип чыгып, өндүрүлгөн.

11 адамды ташып жүрүүгө ылайыкташкан бул автоунаа эл аралык стандарттарга жооп берген брондолгон болоттон жасалган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 77 = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: