Menu

Нур-Султанда курулушчулар өз укуктарын коргоо үчүн кесиптик кошуун түзүштү

Бөлүшүү:

Нур-Султанда курулушчулар «Үмүт» аттуу көз карандысыз кесиптик кошуун түзүштү. 20-майда аларга уюм расмий каттоодон өткөндүгүн ырастаган документ тапшырылды.

Уюмдун лидери Кайрат Айдардын айтымында, бүгүнкү күндө кесиптик кошуундун 12 түзүүчүсү бар. Документтерге ылайык, алар баш калаанын аймагындагы гана курулушчулардын укуктарын коргоо менен алектенишет.

— Быйыл кышында кранчылар айлыктарды көтөрүүнү талап кылганда биз көптөгөн кесиптик кошуундарга кайрылганбыз. Бирок алар маселебизди чечип беришкен жок. Алар өз кызыкчылыктарын ойлошот. Ошондуктан биз бардык курулушчулардын эмгек укуктарын коргоо үчүн кесиптик кошуун түздүк, — деди Айдар.

Быйыл Казакстанда жумушчулар эмгек шарттарын жакшыртууну талап кылып иш таштаган учурлап көп катталууда. Январда Актөбө облусундагы, апрелде Мангистау облусундагы мунайчылар айлыктарды жогорулатууну талап кылса, ушундай эле талаптар менен курулушчулар, автобус айдоочулары жана кранчылар да иш таштаган.

18-майда азык-түлүк, тамак-аш жеткирүү менен алектенген Wolt компаниясынын ондогон кызматкеринин нааразылыгынан кийин жетекчилиги аларга мурдагы төлөм системасын кайтарууну убадалаган.

Нур-Султанда кранчылардын иш таштоосунан кийин алардын айлыгы жогорулатылган. Бирок жумушчулар эмгек шарттарына жана эмгек акынын көлөмүнө нааразы бойдон калышканы кабарланган.

Февралда Түркстан облусундагы трансформатор заводунун жумушчулары айлыктарды жогорулатуу талабы менен иш таштагандан кийин жетекчилиги маяналарды 150 миң теңгеге көбөйтүүгө макул болгон.

5-февралда Чымкент шаардык соту бийликтин өтүнүчүн канааттандырып, «Отун-энергетика комплексинин жумушчуларынын тармактык кесиптик кошууну» бирикмесинин ишин алты айга токтотуу чечимин кабыл алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: